We use cookies - they help us provide you with a better online experience.
By using our website you accept that we may store and access cookies on your device.

bilal-08 жана анын ийгилигинин уландысы...

Хэттрик оюнчуларынын журогунон оорун алган адам жана анын ойлорун теренирээк билейлик десениз - бул макала сиз учун.

Саламатсыңбы bilal-08, сени оюнда кайра активдүү болушуң хаттрик жамаатында кызуу жаратууда. Себеби мурунку сенден алган макала эң көп окулган болуп келе жатат. Деги муну ийгилик десек болобу?
Саламатчылык. Озунор да аман журосунорбу, баары оюнардагыдай болсун деген тилектемин. Негизи оюнду ар дайым эле ачып карап турам, кээ бир учурда озумдун жеке жашоомдо болгон окуялардан улам коп конул бурбай калган учурлар болуп калат экен. Макала эн коп окулганына кубандым мен деле бирок ийгиликпи, эмеспи билбейм :)
Өзүңү жакшыраак таанысак деген ойдомун, аты-жөнүң, улутуң кандай?
Менин атым Аскарбек (фамилиямды жазбай эле коеюн), улутум кыргыз, 2005-жылдан бери Бишкекте жашайм. Дагы деле кызыгасынарбы деп тан калгандар болот болушу керек, жашым 41 де :)
Абшыр-Ата деген команда кайдан туулду? Балким Ноокат районундагы жерге карата коюлганго дейм.
Мен, Ноокат районунун, Кулатов айыл окмотуно караштуу Баглан айылынан болом. Ошол Абшыр- Ата шаркыратмасы Кулатов айыл окмотунун усту жагындагы тоолордо жайгашкан, ошондуктан командамды Абшыр-Ата деп атаганмын.
Жашыныз менден коп улуу эмес экен байке, сизге шерик оюнчулар бар :) озунузду жалгыз санабасаныз болот
Жашы улуулар да ойногонуна кубандым, кээде айткандан уялып калат элем:). Ойлоп корсом жашы улуулар коп эле бар окшойт себеби биз жаш кезде ушул сыяктуу оюндардын ичинен эн эле жакшысы hattrick болсо керек эле, анан ошол бойдон ойноп келе жаткандар коп болушу керек.
Туура, ал кезде мен да коп убактымы хэттрик ойноп откорчумун. Кээде анализ кылып кыдырып да кором. Деги биз маалдагы оюн башкача эле. Озгоруулорду кандай кабыл алдыныз?
Мен учун эн эле чон озгоруу экономика жагынан болду. Мурда акчандын баарын каалагандай иштете алчубуз, азыр акчан болсо деле баарын иштете албайт экенсин. Мурда акча топтоп туруп, кээ бир оюндун алдында убактылуу эле ойунчу сатып алып, оюнду утуп алганга мункунчулук болот эле, мен кубокту алган учурларда ошентчумун :) Бир жолу 3-лигада ойноп жатып да кубокту женип алдым болуш керек. Анын устуно ал убакта ойунчунун айлыгы аябай эле коп болсо, аябай эле арзан сатылчу жана ушундай оюнчуларды маркетте табуу женил эле, ошондуктан бир оюнда ойнотуп анан кууп же кайра сатып жиберсен деле коп жоготуу болбойт эле финансы жагынан.
Бул жылы да жарым финалга чыгуу умутум бар эле, бирок акыркы оюндун алдында сатып алууга жакшы оюнчу таба албай калдым, эки оюнчу алып чейрек финалды утуу мункунчулугум бар эле :) Мурдагыдай молчулук жок экен трасфер маркетте.
Кайра эле акча топтоп, Жогорку лигада ат салышайын деп пландаган элем, Жакшы эле акча топтогон элем, бирок акыркы эки сезондо коп ката трансфер жасап, финансылык абалым мен пландагандай болбой калды, анын устуно акчанын баарын иштете албагандыктан, ойлогон оюм ишке ашпай калды. Жашы 27-28 болгон оюнчулардын негизги озгочолукторун машыктырып, 2 даражага которсон деле сатуу баасы анча озгорбойт экен. Себеби жашы 30 болуп калган ойунчунун баасы тушо баштайт экен. Акыркы 2 сезондо жон эле убакыт короткондой болуп калдым, мурдагы машыктыруу системасын улантсам жакшы болмок экен деп арманда калдым.
Ошондой болсо деле оюндун финансы жаатындагы озгоруулор туура эле болгон деп ойлойм.

Озгочо жаны дуйнолук чемпионатта Азия болумундо ат салышып жатабыз (эстете кетсек мурун материктерге болунбойт болчу).
Материктерге болунгону жакшы болуптур. Улуттук команда жана Дуйнолук чемпионат боюнча коп маалыматым жок болуп калды убакытка байланыштуу. Эми убакытым болсо анализдеп кором го :)
Экообуз тен улуттук курама командасын башкарып коргонбуз. Иш чындыгында оор, макулсузбу?
Улуттук команданы башкаруу оор болчу, туура. Азыр кандай экенин чындыгында анча билбейм. Жыйынтыктарды кээде карап турам, ачыкчасы кобунчосу менден кыйла ийгиликтуу жетектегенин билем :) Оор болчу дегенимдин себеби ал убакта форумдарда активдуу кишилер коп болчу сынары жана улуттук курама команда жонундо коп негатив создор жазылчу, билген деле билбеген деле аралаша берип, сындарына женилип калып ийгиликсиз болдум окшойт. Ийгиликсиз дегеним аябай эле начар жыйынтык алган эмесмин, бирок ойлогон оюм ишке ашкан эмес. Ал учурдагы абал ошондой беле билбейм. Акырында озумбилемдик кылып койгонум эсимде :) Ачыкчасы катамды мойнума алам.
Азыркы жаны машыктыруучулардын ишин кандай баалайсыз жана мурункуларга байкоо жургуздунуз беле?
Азыркы машыктыруучулар жакшы иш алып барып жатышкандай эле менин коргонумо караганда. Бирок толук билбейм.
Жогорку лигада жердик командалардын аз болушунун себебин эмнеге байланыштырсак болот?
Азыркы учурда Кыргызстандын лигаларыда ойногон командалардын кобунчосу, оюнда экинчи команда алганга уруксат бериленден кийин келген чет олколуктордун командалары болуп калгандыгынын негизинде, Жогорку лигада деле кобойгоду го. Анын устуно Кыргызстандык, ийгиликтуу командалардын ээлери ойнобой калышты жана жаны жергиликтуу менеджерлердин аздыгы да ушул жыйынтыкка алып келип жатат деп ойлойм. Жыл откон сайын азайып анан кийинки жылдары жалан гана чет олколуктордун командасы калабы деген ой да келет.
Бирок Абдыштын көрсөткүчүн эчким кайталай албайтат (ЖЛ тарыхында тапса болот)
Туура, Абдыш Жогорку лигада эн коп ойногон команда болуптур. Жогорку лигада коп ойноо да аябай кыйын негизинде, себеби коп убакыт ойноо, финансылык жактан аябай кыйын деп ойлойм. Айрыкча, чет олколуктор кобойгондон кийин андан да кыйын болуп калды. Эн коп чемпион болгон Токсон Эркек командасы да аябай жакшы ийгилик корсотуптур, орточо очко алгандыгы боюнча да биринчи орунда экен. 2 ден жогору орточо очко алган жалгыз команда болуптур.
Чемпион, жергиликтуу менеджерлерден чыга беришин каалайт элем. Кийинки жылдарда кандай болоор экен деген ой келет. Азырынча эчкимге бере элек окшойбуз. RCD de Kyrgy деген команданы чет олколук башкарат экен, анан дагы KRGZ Gigatron командасы бар экен. Мен коп карабай калган убактарда чемпион болгон экен :)

bilal деген атты неге тандадыңыз? Бир байланыш барбы?
2008-жылы уулдуу болуп, атыны Билал койгонмун. Баламдын атыны колдонгонмун. Каарып, ойной албай абалга келгенимде, командамды Билалга бергенге уруксат барбы? :)
Мен дагы ошентип ойлоп кетем. Чындыгында бул оюн мени тарткандай сизди да ойлонтот экен. Машыктыруу колуңуздан келеткен, футзалда деле катырсаңыз керек?
Футболго аябай эле жакынмын, ойноп да турамын. Жакшы ойнойт элем, акыркы жылдары бел ооруп коп ойной албай калдым. Ойноп жургондо жакшы ойногондордун катарында эле болчумун :)
Рахмат маегиниз абдан ачык, туура жана так маалыматтарды бердиниз. Кызыгып уландысын окугандар дагы коп болот деген ишеничтемин.
Ийгилик сизге дагы, бизге конул бурганыныз мени абдан суйундурду.

Сиздерге чон рахмат. Кыргызстан курама командасы жана лигалары коптогон ийгиликтерди багындырат деп ишенем. Ушул оюндун онугуусуно салым кошуп жаткандыгыныз учун сизге да жекече чон рахматымды айтып ийгилик каалап кетем.

2021-10-19 09:51:59, 339 views

Link directly to this article (HT-ML, for the forum): [ArticleID=22439]

 
Server 071