We use cookies - they help us provide you with a better online experience.
By using our website you accept that we may store and access cookies on your device.

Оюн руху жана ишеним

Оюн руху бул оюндун эн керектуу маалыматтарынын бироосу деп эсептелет. Эгер бирдей эки топ беттешкенде жогоруураак жарым коргоо корсоткучун чыгарууга жардам берет. Андай болсо жакшы дегеним менен кынсыз бычака окшошот. Этияттабасаныз бир сезонунуз куйуп кетиши ыктымал.
Бул макалада кененирээк айтып беребиз, кана эмесе - Кеттик!..

Алгач оюндун рухун колдонуу жолу жонундо суйлошолук.

Негизги эреже - жеңишке жете турган же сөзсүз жеңиле турган беттештерде PIC(play it cool)= жайбаракат деп чыгуу шарт. Себеби кийинки беттештерге чон салым кошкон болосуз. Ал эми MOTS(match of the season)=сезондун беттеши деген тандоонузду мумкун болушунча аз колдонушунуз шарт. Себеби бул тандоонуз оюндун рухун жарымына тушуруп коет жана кайра калыбына келтирүү кыйынга туруп калат. Бул тандоонузду сиз өтө маанилүү беттештерде жана мезгилдин акыркы эки беттештен тышкары колдонбошуңуз керек. Колдонуучулардын санына жараша Кыргыз лигасында көптөгөн робот командалар бар жана ушул беттештерден пайдаланып оюн рухун мыкты даражага чыгарууга мумкунчулук бар. Менин жеке оюм - мүмкүн болушунча жайбаракат ойноп, сезондун беттеши вариантын колдонбоо.

Нормалдуу: Жарым коргоону 0% Оюн рухуна 0%
Жайбаракат: Жарым коргоону -15% Оюн рухуна +33%
Сезон беттеши: Жарым коргоону +15% Оюн рухуна -50%


Оюн рухун жогорулатуучу себептер:
1) Жайбаракат ойноо
2) Оюн рухунуз бириккен денгээлинен томон болушу (бириккен деңгээлине чейин акырын жогорулайт)

Оюн рухун төмөндөтүүчү себептер:
1) Сезондун беттеши деп чыгуу
2) Сатып алган оюнчулардын мунозу жагымдуу, чырдуу жана ыплас болушу
3) Саткан оюнчунуздун жагымдуу, сүйкүмдүү жана популярный болушу
4) Оюн руху бириккен денгээлинин устундо болушу (ал бириккен деңгээлине чейин акырындык менен төмөндөйт)

Ыплас оюнчу алсаныз мурун айткандай оюн рухун тушурбой калышы мумкун. Ошондой эле жагымдуу оюнчу сатканда да оюн рухуна таасирин тийгизбеши мумкун. Себеби алган же саткан оюнчулардын мунозунун даражасына карап таасири болот.
Машыктыруучунун жетекчилиги оюн рухуна чоң таасирин берет. Оюнда жанылануу убакты келгенде сиздин оюн руху кандай болсо дагы, ал биригүү деңгээлине жакындашат. Сиздин оюн руху бириккен деңгээлинен канчалык узак болсо, ошончолук жакындоо ылдамдыгы тезирээк болот. Бул учурда машыктыруучунун жетекчилиги көтөрүлүу ылдамдыгын жогорулатат жана төмөндөө ылдамдыгын азайтат. Машыктыруучуга спорт психологунун жардамы да болот. Булардан тышкары, оюндун рухуна таасир этүүчү дагы бир фактор бар, бирок аны кийинчерээк түшүндүрүп берген туура болот, анткени аны колдонуу зыяндуу болот.

Эми ишенимге отолу :)

Ишенимдин чабуул кучуно чон таасири бар. Беттештерди чон эсеп менен женгенде тез которулот. Анын көтөрүлүшүнө спорт психологдору да жардам берет. Жогорку деңгээлдеги ишеним - бул өтө пайдалуу окуя. Бир гана терс жагы - бул атандашын кыйынсынуу ыктымалдыгы менен оюндун катаалдыгын жогорулатат. Кыйынсынуу окуясы кубок беттештеринде, лиганын биринчи үч оюнунда жана сезондун беттешинде болбойт. Ошондой эле беттештин биринчи жарымындагы натыйжага жараша таасири азайып же алынып салынышы мүмкүн. Бул жаман нерсе деп ойлобогула, эгерде өзүнө болгон ишенимден 1 оюнду уттуруп алсанарда, 10 оюнду утууга болот. Ошондуктан ар дайым ишенимди бийик тутуу зарыл.

Эми аралаш керектуу маалыматтарды айтайлык:

1) Машыгуу убактысынын жаңыртуусу жума күнү жүргүзүлөт, жаңыртуу учурунда кайсы машыгуу тандалган болсо, ошол машыгууну оюнчуларга берген болосуз.
2) Лигада жана кубокто/жолдоштук беттештерде ойногон оюнчулар Кыргызстан убактысы боюнча жума күнү 10: 03до машыгышат.
3) Оюнчу толук даярдыктан өтүшү үчүн, ал машыгуу болгон жерде 90 мүнөт ойношу зарыл.
4) Машыктыруучунун чабуулчу же коргонуучу ой жүгүртүүсү машыгуунун тез которуулусуно таасир этпейт.
5) Атаандаш 11 адам чыгаралбай калган беттештерде бардык оюнчуларыңыз матчта 90 мүнөт ойношту деп эсептелинет, сиз машыгууңузду жоготпойсуз.
6) Сиз беттешиниз каралбай(5-0) 11 киши чыкпаса, ошол жумадагы машыгууңуз күйүп кетет. Жада калса жолдоштук оюнда 11 киши чыкпаса(5-0) жеңилүү ызасын тартып, ошол жумада машыга албай каласыз.
7) Биринчи беттеште машыгуу позициясында ойногон оюнчуңуз кийинки кубок же достук беттеште башка позицияда ойнотсоңуз дагы толук даярдыктан өттту деп эсептелинет.
8) Канат коргоочусу канат машыгуудан 50% пайдаланат. Эки оюнда да бир оюнчуну канат коргоочусу катары ойнотсоңуз, натыйжасы озгорбойт, 50% машыгуу :)
9) Бир беттеште машыгуу зонасында ойногон оюнчу эки беттеште машыгуу зонасында ойногон оюнчу менен бирдей машыгуудан өтөт.
10) Беттеште жаракат алган оюнчу ойногон мүнөтуно карап машыгуу алат.
11) Жылдыздар ошол оюнчунун матчтагы көрсөткүчүн, күңүрт жылдыздар болсо абалынан улам беттештин аягына чейин жоготкон оюнун көрсөтүшөт.
12) Жылдыздар сизге оюнчу жөнүндө түшүнүк берет, бирок ар дайым беттештин рейтинги маанилүү.
13) Матчтар ойнолуп жатканда, рейтингдер кагылышып, күчтүү рейтинги бар топ матчты жеңип алышат. Албетте, төмөн рейтинги бар беттештерде жеңишке жетүү мүмкүн. Бул үчүн туура тактиканы тандоо үчүн жетиштүү тажрыйба жана техникалык билим болушу керек.
14) Эң маанилүүсу, беттешти жеңүүчү зона - жарым коргоочу. Жарым коргоону алган команда жалпы чабуулдарды көбүрөөк аткарат. Ошондуктан көп чабуул табат, ошондой эле азыраак чабуул корот.
15) Сезондун беттешин ойногондо, оюн руху эки эсе төмөндөйт.
16) Жайбаракат оюноо, оюн рухун 33% га жогорулатат.
17) Оюн руху - бул жарым коргоочулардын кучуно таасир этет, жогорку оюн руху менен сиз жакшыраак жарым коргонуу рейтингине ээ болосуз.
18) Оюн руху биригүү деңгээлине жакындашат. Машыктыруучунун жетекчилиги канчалык жогору болсо ылдыйлоо ошончолук жай жана көтөрүлүшү тезирээк болот.
19) Деңгээлдердин ички деңгээлдери да бар (жетекчилик дагы). Мыкты чабуулчу 10.00 же 10.99 жылдыз корсотушу мүмкүн. Ошондо 10.99 чабуулчу бир устункуго жакын ойнойт.
20) Тажрыйбалуу оюнчулар жаш оюнчуларга караганда мыкты ойношот.
21) Жаш оюнчу өз жөндөмдөрүн тезирээк өнүктүрүшөт.
22) Томон корсоткучу бар жаш оюнчу тез жетилет.
23) Улгайган оюнчулар чеберчилигин жоготушу мүмкүн, алар жума сайын бир аз чеберчилигин жоготушат. Эгерде алардын жөндөмдүүлүктөрү төмөн болсо, анда алар мындай жоготууну азыраак корушот.
24) Чектен өткөн ар бир жөндөм жаш курагына карабастан төмөндөйт. Бардык томондоолор дүйшөмбүдө аткарылат.
25) Дарбазачылар беттешти белгиленген топ окуяларынан тышкары атайын сакташпайт. Алар коргонуу баалуулуктарын гана жогорулатышат.
26) Гол киргизген оюнчу кээ бир өзгөчө окуяларды эске албаганда, туш келди аныкталат.
27) Формдагы оюнчу анын беттештеги абалын корсотот. Жетээрлик форм менен бир жогорку сапаттуу формасынын ортосундагы айырма сапатуу менен бир жогорку мыкты формдун айырмасынан көп.
28) Оюнчу калыбында болушу үчүн, ал жума сайын бир гана мүнөт ойношу керек. Антпесе форманын түшүп кетүү ыктымалдыгы жогорулайт.
29) Жетекчинин жогорку деңгээли, куч машыгуусунун төмөн жана машыгуунун жогорку тыгыздыгы формалардын жакшырышына шарт түзөт.
30) Оюнду биринчи баштаганыңызда, сизге берилген оюнчулар жүрөк белгилеринин жардамы менен бирдей деңгээлдеги башка оюнчуларга караганда мыкты ойношот.
31) TSI - бул оюнчунун жалпы чеберчилигинин сандык эквиваленти. Алар бизге оюнчу жөнүндө кыйыр пикир беришет. Эч кандай таасири жок.
32) Күндүн нурлары жана жаан-чачындуу аба ырайы болгондо, айрым таланттуу оюнчулардын оюнга таасири жогорулашы/төмөндөшү мүмкүн. Бирок матч отчетторунда чагылдырылбаса, андай таасири корулбойт. Отчеттордо канчалык эртерээк чагылдырылса, таасири ошончолук жогору болот.
33) Коргонуу иш-чарасы сизден жана атаандашыңыздан көзкарандысыз. Кеминде эки упай менен алдыга чыксаңыз пайда болот. Коргонуу канчалык эрте пайда болсо, натыйжасы ошончолук жогору болот.
34) Бирдей позицияда көбүрөөк оюнчунун болушу рейтингди төмөндөтөт. Үч оюнчуну ортодо ойнотконго караганда бир орто коргонуучу жана эки канат коргонуучу койгон пайдалуураак болот.
35) Коргоочулардын өткөрүп берүү/пасы рейтингдерге же жылдыздарга таасир этпейт. Бул кээ бир тактикалык жөндөмдөрдү жогорулатууга гана кызмат кылат.
36) Солдогу чабуулчусунун оң канат чабуулуна кошкон салымы, оңдогу чабуулчусунун оң канат чабуулуна кошкон салымы бирдей.
37) Эгерде сиз эски жаштар уюмунун платформасын колдонуп жаткан болсоңуз, анда жетиштүү жондомуно ээ талантты тартуу мүмкүнчүлүгүңүз өтө төмөн.
38) Эң көп кездешкен өзгөчө окуя бул бурчтагы(корнер)-баш сокку окуя.
39) Белгиленген соккулар өзгөчө абал эмес (бирок алар мен үчүн өзгөчө нерсе :)
40) Сезондун беттеши деп ойноо оюнчуларыңызга жаракат алуу мүмкүнчүлүгүн көбөйтпөйт.
41) Беттеште пресс-тактикасын тандасаңыз, оюнчуларыңыздын жаракат алуу мүмкүнчүлүгүн көбөйтпөйт.
42) Каршы чабуул ойногондо, сиз тапкан ар бир каршы чабуул кийинки каршы чабуулдун ыктымалдыгын төмөндөтөт.
43) Аба-ырайы өзгөчө абалдан гол киргизүү мүмкүнчүлүгүнө таасир этпейт.
44) Бир эле жумушту аткарган кызматкерлердин саны көбөйгөн сайын, кийинки кызматкерлердин таасирин төмөндөтот. 7 дарыгер менен 9 дарыгердин айырмасы 2 дарыгер менен 3 дарыгердин айырмасынан аз. Бул иш-чара машыктыруучунун жардамчылары үчүн да тиешелуу.
45) Беттеште алмашуучу орунда отурган оюнчуларыңыз сиз берген фитнес машыгуунун 75% пайдаланышат.
46) Берилген фитнес машыгуунун ылдамдыгын көбөйтүү капыстан формалардын түшүп кетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.
47) Дарбазачыларда иштөөчү бир өзгөчө чеберчилик - күтүүсүз өзгөчө жөндөмү. Эгерде аларда жетиштүү пасы болсо, анда алар гол пастарын бере алышат.
48) Озгочо абалдан баш сокку болушу сиздин жалпы баш соккусу бар оюнчуларыңыздан көз каранды. Коргоо тарабындагы баш соккусу бар оюнчу саны дагы маанилүү. Баш сокку бар дарбазачы бул эсепке катышпайт.
49) Белгиленген топто оюнчунун баш соккусу бар болсо бурчтан колдонгондо бир баш сокку кем деп эсептелинет. Коргоочунун баш соккусу болсо таасири чон болот.
50) Беттештин акырындагы тактикалык корсоткуч беттештин саны менен көбөйбөйт жана озгорбойт.
51) Эч кандай тактика рейтингдерди көбойтбөйт.
52) Ортодон чабуул тактикасында, сиздин чабуулдарыңыз ортодон өнүгүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Канаттардын коргонуу рейтинги бир аз төмөнөйт.
53) Сиз чабуулдарыңызды канаттан кылсаныз чабуулдун канаттан өнүгүү мүмкүнчүлүгү көбөйөт. Ортодогу коргонуу бир аз солгундайт.
54) Каршы чабуул тактикасында атаандашыңыздын өткөрүп жиберген позицияларын күтүүсүз чабуулдар менен баалоо мүмкүнчүлүгүңүз жогорулайт. Жарым коргоо бир аз алсырап калат.
55) Пресс-тактикада матчта пайда болушу мүмкүн болгон позицияларды баштала электе эле кесип саласыз, өзүңүздун жеке чабуулдарынызды да кесүү мүмкүнчүлүгүңүз бар жана оюнчуларыңыздын фитнеси тезирээк түгөнөт.
56) Узактан сокку тактикасы менен сиздин чабуулдарыңыз узак аралыктан сокку жаратылат. Бул сокку урган оюнчу менен дарбазачынын ортосунда болот. Жарым коргоо жана чабуул бир аз алсыздайт.
57) Озгочо окуялардын пайда болуу ыктымалдыгы чыгармачыл оюн тактикасы менен жогорулайт. Коргоо рейтингдериңиз бир аз төмөндөйт (менин сүйүктүү тактикам).
58) Белгиленген топ жондомдуулугу коргонууда таасири чон, айрыкча дарбазачыда болушу зарыл.


2020-10-21 01:31:47, 470 views

Link directly to this article (HT-ML, for the forum): [ArticleID=21902]

 
Server 070