We use cookies - they help us provide you with a better online experience.
By using our website you accept that we may store and access cookies on your device.

Тарых кайталанат

ХТ тарыхында из калтырган ОТЕК ВА командасынын легендарлуу оюнчусу Ауbek303 менен болгон маек. Таштай каттуу характери менен таанымал оюнчубуздун кызыктуу пикирилерин силер менен бөлүштүм.

Айбек, сени көптөн бери тааныйм. Жашоодо жолукпасак да ХТ дүйнөсүндө сүйлөшүп турабыз. Сени жакшы футболист катары эсептейм. Тренердик ишти да мыкты алып бараласыңбы?
Рахмат сууронузга Урмат мырза. ХТ дуйносу менен биринчи жолу 2003-жылдары таанышканмын, анда Кыргызстан лигасы жок болчу, Туркия лигасынан OTEK JK командасын ачкан болчумун. Бул оюун мага ошол убакта бар болгон менеджерлик оюундарына салыштырмалуу жонокойлугу менен жаккан болчу жана коп убакыт талап кылбагандыгы, дагы балким бир себеп кыйын студенттик кундордо виртуалдык болсо да акчам бар деген ой, эстейм бир оюунчу сатып алып мынанча акчага байыдым деп суйунгон кундор. Кийинчерээк Кыргызстан лигасы ачылды, мен да командамы алмаштырып OTEK BA командасын ачканмын. Убакыт отуп, турмуштун шарттарына аралашып оюн ойногону деле убакыт болой калды, кийинчерээк командам жабылып кетти. Хаттрик жамаатынын жакшы жагы эски ойногон менеджерлерди да эскерип турат, утуру OTEK BA командасы кайра ачылат деген ушак создор болуп жатат дегенинен, 2018 жылы командамды башынан туздум.

Бул оюндун эмнеси сени тартат?
Озумду мыкты тренер деп айта албайм, оюнда коптогон озгоруулор болуптур, азырынча ошолорду уйроонууго алекмин.

Инөнү(Бешикташ) стадионуна алып барганың эсимен кетпейт. Ошондон улам футболго болгон кызыгуум күчөп кетти. Сен да мага окшоп көп команда ачтыңбы билбейм?
Жок башка командам болгон жок, бир командага ишенимдуу болууну каалагам, чыныгы жашоодо олгучокту Бешикташ дедим, хаттрик дуйносундо OTEK BA.

kg-nurdinuulu, kg-kamilla, laker, andru сыяктуу оюнчулардын доору өттү. Кандай баалайсын аларды?
kg-nurdinuulu эстешимче Осмон досубуз болуш керек, дагы башка досторубуздун командалары бар эле, Кыргызстандын биринчи лигасында ойноочубуз. Ал убакта Кыргызстан лигасы жаны ачылгандыктан ото катуу мелдеш болчу эмес, бирок жакындан тааныган адамдарын менен жарышкандыктан абдан кызыктуу болгон. kg-kamilla жана laker доорунда мен жок болуп калдым окшойт.

Мурунку командаң менен алган кубокторуң болгон эле, менин билишимче.
Коптогон кубоктор алсам керек эле, саны эсимде жок.

Оюнчуларда эмнеге Aybek303 деген суроо жаралышы мүмкүн, себеби барбы?
Атым Айбек, 303 деген мектептеги жеке номурум болчу.

Кыргызстан лигасын ачканга адамдардын атын топтогонбуз. Сенин да бир салымың болсо керек?
Ооба, хаттрикте кыргыз тилин ачабыз деп коп аракеттер болгон, байкелерибиз бар эле аттарын эстей албай жатамын, чон салымдары болгон, биз да четте калган эмесбиз, бирок окунучтуу жагы кыргыз тили колдонулбай калды. Аттарды топтогонубуз эсимде, кыргыздардын болгон аттарын жазганбыз. Байкашымча сенин команданда озунун атын менен оюнчу бар экен, мен да убагында коп куткон элем озумдун атым менен оюнчу, канча болсо да алам деп, бирок насип болбоду.

Курама командабызды ойлонуп жүрөсүңбү? Кандай болсо да башкалар алып каалагандай ойноп, максаты жок иштер жасап жатышат. Балким иш жасагандай болушат kamilla*(колу кан буркураган) сыяктуу, бирок натыйжа жок.
Ооба ойлоном, эми У-20 командасы сендей тажрыйбалуу адамдын колунда, кыжалат болбосо деле болот, чондорубуз деле байкашымча ото тажрыйбалуу баланын колунда экен, кичине биз да комок коргозсок ийгиликтерге жетишебиз деп ойлойм. Мен да кичине салымымды кошойун деп кыргыз жигитин машыктырып жатам, утуру келет досунузга айтпайсызбы У-20 га алсын деп (тамаша :p). Кыргыздардын чон койгойу болгон таныш билиштике каршымын, курама командаларыбызда татыктуулар ойнош керек.

ХТте өзгөрүүлөрдү кандай кабыл алдың? Деги ХТнын келечегин кандай деп ойлойсуң?
Башта айтып кеткенимдей, ХТ мага жонокойлугу менен жаккан, тушуном ХТ башкаруучулары ойунду дагы да элдерге жагымдуу кылыштын аракетинде, бирок глобалдуу озгорулорго каршымын, оюунду талтаалдаштырышпаса жакшы болмок. ХТ сабырдуулардын оюну, биз курактуулар кызыгып ойношсо керек, бирок азыркы жаштарыбыздын такыр сабыры жок, тез тез деп эле турушат, ошондуктан ХТны ушуга чейин суйуп калгандар эле ойнобосо жаны менеджерлерди оюунга тартыш абдан татаал маселе деп ойлойм.

Келечекте сени жогорку лигада же Хэтрик Мастерсте көрүшүбүз мүмкүнбү?
Азыркы учурда III лигада ойноп жатам, Жогорку лига ойломок турсун II лигагадан чочуп жургон кезим, балким Жогорку лиганы да короттурбуз бирок жакын заманда эмес.

Кыялдарың барбы жана кандай?
Кыялым Кыргызстан курама командаларынын чемпион болушун коруу.

Сөзүбүздү жыйынтыктоодо айта турган сөзүң барбы? Жаңы оюнчуларга же кийинки келээр муунубузга, балким бизден кийин деле ХТ оюну уланаар деген ишеничтемин.
Хаттрик ойногула, ойногондо да сабырдуулук менен тушунуп, келечекти пландаштырып, баары оз нугуна тушкондо, ХТдан ажырагын келбей калат, ар бир оюнчу тууганындай эле болуп калат.

Рахмат, Айбек мырза. Кызыктуу маек курдук деп ойлойм. Ойлогонумдан да сонун жооп бердиң. ХТ жамаатына бизден белек болсун. Кыргызстан биз тирүү болсок ар дайым көзөмөлүбүздө болот. Түрктөр айткандай тарых кайталанып турат.

*Колу кан дегеним шанс болсун деп бир оюнчуну өлтүрөт болчу.

2020-01-23 05:50:29, 554 views

Link directly to this article (HT-ML, for the forum): [ArticleID=21455]

 
Server 070